Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. «Кайдан?», «кандай жумуш менен?» деген мааниде суроо, кайрылуу иретинде колдонулат. Акунжансыңбы? -Жол болсун, үкөм? (Байтемиров). 2. «Бул кылганың кандай?», «Эмне үчүн?», «бул эмне дегениң?» ж.б. мааниде бирөөнүн кебине, кылык-жоругуна, жасаган иштерине карата суроо салуу, таң калуу иретинде колдонулат. Куйөө балаңыз менен кызыңызга ынтымак-ырыс каалап, өзүңүз ичпей койгонуңузга жол болсун, - деп Көкөтөй кысынган чалдын айласын түгөттү (Айтматов). Мына ушундай сөзү өтүмдүү болуп турганда Койсун кайра артка кетип отурганына жол болсун?! (Медетов). Мунуңа жол болсун?

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жолго чыккан, бир жакты көздөй жөнөгөн кишинин жолу шыдыр болушун тилеген каалоо катарында айтылат. Сапарга чыксаң – жол болсун («Манас»). 2. «Кайдан» «кандай жумуш менен келе жатасың?» деген мааниде колдонулат. – Кайда баратасың? жол болсун (Абдукаримов). – Акунжансыңбы? – Жол болсун үкөм (Байтемиров). 3. Мунуңа жол болсун! – «бул эмне кылганың», «дагы эмнени чыгара койдуң» деген мааниде колдонулат. Күйөө балаңыз менен кызыңызга ынтымак-ырыс каалап, өзүңүз ичпей койгонуңузга жол болсун, – деп Көкөтөй кысынган чалдын айласын түгөттү (Айтматов). Мына ушундай сөзү өтүмдүү болуп турганда Койсун кайра артка кетип отурганына жол болсун?! (Медетов). Мунуңа жол болсун?